Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:30

ӨКМ басма сөз кызматынын адиси Нурбек Абдраимовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай абал Ат-Башы, Чүй, Жайыл, Москва райондорунда болууда.

Маалыматка ылайык, 30-ноябрда Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылына жакын жайгашкан Аралбай-Сазда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн карлар ээрип суу көбөйгөн. Натыйжада муз аралаш суу көтөрүлүп 312 үйдү каптаган. Буга байланыштуу министрлик жергиликтүү элге 500 даана кап берди:

-Бул каптарга жергиликтүү эл кум толтуруп суунун жолун буруш үчүн дамба курушат. Үйлөрдү суу каптап жатканынын себеби дренаждык канал жоктугунан болушу мүмкүн. Каналды казуу жергиликтүү бийликтин милдети.

Ушундай эле абал Нарында, Чүй облусунун Чуй, Жайыл, Москва райондорунда катталды. Абдраимовдун айтуусунда, жер астынан суу чыгып үйлөр кулап калуу коркунучу бар, себеби Чүйдөгү дренаждык каналга муз тоңуп, суулар өз нугунда ага албай, чет жактарга тарап жатат. Бул абалды жөнгө салуу үчүн Чүй областына караштуу ӨКМ 7928 литр күйүүчү май бөлүп берди, ал эми техникалар жергиликтүү бийлик тарабынан камсыздалат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG