Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Өкмөт «Кошой» кант заводун иштетүүгө кызыкдар


Сооронбай Жээнбеков (ортодо).
Сооронбай Жээнбеков (ортодо).

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1-декабрда Чүй облусунун Шопоков шаарында жайгашкан “Кошой” заводуна барган учурда айтылды. Маалыматка караганда, заводду 2017-жылдан тартып ишке киргизүү үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 15,5 миллион доллар бөлдү. 2007-жылдан бери иштебей токтоп турган ишкананы "Кайыңды-Кант" заводу сатып алган. Аталган каражаттын 5,5 миллиону "Кайыңды-Кант" заводуна, калганы "Кошойго" берилип, ишкана модернизацияланат.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, быйыл кант кызылчасы мурдагы жылдарга караганда эки эсе көп жыйналды. Буга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн кызылчаны "Кайыңды" заводу толук иштете албай дыйкандардын нааразылыгын жаратып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG