Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Президент айрым журналисттер тизмеден атайын өчүрүлгөнүн мойнуна алды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Атамбаев айрым журналисттер кесибинин талабына ылайык иш алып барышпайт деп нааразы болду:

- Силердин ишиңер - көргөнүңөрдү так чагылдырып берүү. Бизде болсо, кимдир-бирөөлөрдүн пайдасына иштеген журналисттер бар, аларды журналист деп атоого да болбойт. “Сентябрь” телеканалын киргизген жокпуз, бул биз Текебаевди өлкөнүн өнүгүү стратегиясын талкуулоого чакырып алып, сунуштардын ордуна ызы-чууларды угуп отурган менен барабар. Бизге мунун кереги жок, биз иштешибиз керек.

Президенттин бүгүнкү салттуу маалымат жыйынына катышуучу журналисттердин тизмесинен “Сентябрь” телеканалынын, “Республика” басылмасынын жана айрым агенттиктердин кабарчылары чийилип салынган.(AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG