Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Өзбекстанда президенттик шайлоо мезгилинде чек аралар ачык болот


Өзбекстан.
Өзбекстан.

Адамдардын өлкөгө кирип чыгуусунда эч кандай чектөөлөр болбойт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымдоо каражаттарына Өзбекстандын юстиция министри Музраф Икрамов билдирди. Буга чейин өзбек жарандарынын көбү мамлекеттик иш-чаралар учурундагыдай добуш берүү күнү чек аралар жабылабы деп тынчсызданууларын билдирип келишкен.

Мындан улам өлкөнүн юстиция министри шайлоо күнү чек араларда эч кандай чектөөлөр болбой тургандыгын маалымдады. 3-4-декабрь күндөрү жарандар Өзбекстандын чек арасынан кадимкидей эле өтө алышат.

Быйыл 4-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Президентти шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, шайлоо күнү жашаган жеринде добуш берүү мүмкүндүгү жок адамдар алдын ала добуш берүү укугуна ээ. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого он күн калганда башталып, добуш берүү күнү аяктайт. БШКнын маалыматына караганда, 29-ноябрга карата өлкө боюнча жалпысынан 53 501 адам добуш берди.

XS
SM
MD
LG