Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Атамбаев: "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү болот


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Мамлекет башчы Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча эмдиги жылы жылыш болот деп айтты. Анын сөзү боюнча, Референдумдан кийин Кумтөр алтын кени боюнча козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү алынат:

- “Центерранын” жетекчилиги сүйлөшүүгө даяр. Жылыш болот. Азыр кабар күтүп жатабыз. Референдумдан кийин, Кумтөр боюнча келишимге кол койгондор келип, тергөө менен кызматташып, жардам берсе жакшы болмок. Анда бир топ жагдайлар ачыкталып, чечим чыгаруу жеңилдемек.

Мамлекет башчы Кумтөр алтын кени боюнча келишимдер түзүлгөн учурда бийликте Акаев менен Бакиев турганын, ал эми документтерге кол койгон кишилер да качып жүрүшкөнүн белгиледи. Атамбаев тергөө менен кызматташуу тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтып, анын негизинде кылмыш иши козголгондор менен кызматташууга болоруна үмүт артты. (AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG