Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Атамбаев Москва шаар башчысына жооп кайтарды


Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Президент Москва шаарынын мэрине туура эмес маалыматтар берилген болуш керек деп эсептейт:

- Кыргыз мигранттары Собянинден өздөрү тууралуу мындай сөз күткөн эмес. Эгерде кыргызстандык жаран Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн болсо, анын себебин ошол иш берген адамдан сураш керек. Кыргызстан атуулунун ал жакта мыйзамдуу иштегенге укугу бар. Балким, мэр Собянинге туура эмес документтерди көрсөтүп коюшкандыр. Негизи ал жакшы эле иштеп жаткандай. Кыргыз мигранттары — мыйзамды сыйлаган эң так так мигранттар экендигин айта кетүү керек.

Алмазбек Атамбаев согуш жылдарында Кыргызстанга жүз миңдеген орусиялык жана башка адамдар келгенин, аларды кыргыздар меймандостук менен кабыл алып, аларды кодулабаганын, 1941-жылы кыргыздар Советтер Союзу үчүн согушканын эскертти.(AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG