АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп коргоо министри кызматына генерал Жеймс Мэттисти тандаганы тууралуу Washington Post гезити жазып чыкты. Кенен маалымат эмки аптада жарыяланары кабарда айтылат .
Бирок Трамптын өкүлү Твиттерге бул билдирүү туура эместигин жазып, тандоо боло электигин белгиледи.
20-ноябрда 66 жаштагы Мэттис менен жолугушкандан соң Трамп аны мактап, “чыныгы генералдардын генералы” деп атаган эле.
АКШ армиясында жогорку кызматта иштеп келген Жеймс Мэттис 2013-жылы отставкага кеткен. Конгресстеги эки палата анын талапкерлигин жактырса гана коргоо министри боло алат.