Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

“Прогресс” аба кемеси кырсыкка учурады


2015-жылда кырсыкка кабылган "Прогресс" абага көтөрүлгөн кез.
2015-жылда кырсыкка кабылган "Прогресс" абага көтөрүлгөн кез.

Эл аралык космостук станцияга багыт алган “Прогресс” аба жүк кемеси кырсыкка кабылды. Ал Тува Республикасынын аймагында жарылганын “Роскосмос” уюму билдирди. Кемедеги жабдыктардын көбү күйүп кеткен.

1-декабрда “Байконур” космодромунан асманга көтөрүлгөн кеме 6 мүнөттөн кийин системадан жоголгон.

Кеменин бортунда экипаждар үчүн Рождество майрамына аталган белектер бар эле. Эл аралык космостук станцияга 3-декабрга жетери күтүлүп жаткан.

2015-жылдын апрелинде да “Прогресс” кемеси кырсыкка кабылган эле. “Роскосмос” буга техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун айткан. Андан беш миллиард рубль зыян болгон.

XS
SM
MD
LG