Бишкекте 5-декабрда “Улуттук адабият күндөрү” аттуу апталык иш-чаралар башталат. Жумалыктын алкагында мектептерде жана китепканаларда улуттук чыгармаларды даңазалаган акциялар, таймаштар жана жазуучу-акындар менен жолугушуулар өтөт.
Маданият жана маалымат министрлиги билдиргендей, 9-10-декабрда балдар китептерине арналган жармаңке да уюштурулат.
Жумалык 12-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу менен аяктайт. Аны аталган министрлик АКШ элчилиги жана USAID уюму менен бирге уюштурууда. (SE)