Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Бишкекте судьялар эл аралык окуудан өтүштү


Бишкекте судьялардын жана адвокаттардын катышуусунда «Эл аралык жеке менчик укугу: коллизияларды жөнгө салуу жана колдонула турган укукту тандап алуу» деген аталышта тренинг өттү. Анын ишине Жогорку Соттун, жергиликтүү соттордун судьялары, юридикалык мекемелердин өкүлдөрү жана адвокаттар катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады:

-Бир өлкөнүн жараны экинчи бир өлкөнүн жараны менен баш кошсо, кийин бирөо каза болуп калса же ажырашып кетсе ортодогу менчик кандайча бөлүштүрүлүшү керек деген сыяктуу маселелер талкууланууда.

Бул жаатта кыргызстандык адистерге Франция, Грекиядан келген сот кызматкерлери лекция окушту. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун көмөгү менен республикада журүп жаткан сот реформасынын алкагында өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG