Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

Өкмөт 20 миллион сомдук чыгаша тууралуу кабарды төгүндөдү


Өкмөт жыйыны.
Өкмөт жыйыны.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы өкмөт үйүнө килемдерди жана эмеректерди сатып алууга 20 миллион сөм бөлүнгөнү тууралуу кабарды төгүндөдү.

1-декабрда айрым маалымат булактары парламент депутаты Наталья Никитенкого таянып, Өкмөт үйүнүн залдарынын бирине килем жана эмеректерди сатып алуу үчүн 2017-жылкы республикалык бюджеттен 20 миллион сом каралганын жазган.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы муну четке кагып, 2017-жылга смета боюнча аталган чыгашаларга 5 млн 377,9 миң сом бөлүнөрүн белгиледи. Мурдагы жылдары бул максатта 14,4 млн жана 16, 1 млн сом жумшалган. (SE)

XS
SM
MD
LG