Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Маңзаттарды көзөмөлдөөчү кызмат жоюлду


Колго түшүрүлгөн баңги зат.
Колго түшүрүлгөн баңги зат.

Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 30-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат күч түзүмдөрүнүн реформасы алкагында жоюлууда. Токтомдо айтылгандай, бул кызматтын функциялары Саламаттыкты сактоо министрлигине,ИИМге жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилет.

Ошол эле учурда Маңзаттарды көзөмөлдөөчү кызматтын кызматкерлери ал толук жоюлмайынча өздөрүнүн милдетин аткара беришет.

Кыргызстандагы күч кызматтарын реформалоо демилгеси быйыл жайында Коргоо кеңешинде көтөрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG