Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Маалыматтык сайттарды басылмаларга теңөө демилгеси көтөрүлдү


Шайлоо учурунда алар маалымат каражаттары катары таанылып, БШК тарабынан үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилип келе жатат деп белгиледи Социал-демократтар фракциясынын парламенттеги мүчөсү, депутат Дастан Бекешов. Анын журналисттерге билдиргени боюнча, көпчүлүк өлкөлөрдө бул маселе чечилген.

Депутат бул үчүн маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана бийлик өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу тобун түзүүнү сунуштоодо. Бекешовдун айтуусунда, маалыматтык сайттар өз каалоосу менен маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө тийиш, ал эми каалабагандар сайт боюнча кала берет, бирок, аларга мамлекеттик органдар маалымат бербейт, маалымат каражаты катары кандайдыр бир аккредитациядан өтүүгө да уруксат берилбейт.

Депутат бул демилгени акыркы эки айдан бери көтөрүп келе жатат.

Айрым маалыматтык сайттар муну сөз эркиндигине кысым көрсөтүү аракети деп сыпатташууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG