Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Шайлоо участоктору Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринде жана өкүлчүлүктөрүндө ачылды. Ал участоктордо участкалык шайлоо комиссиялары түзүлдү. Ал жерде 11-декабрь күнү кыргыз жарандары референдумга добуш беришет. Буга байланыштуу БШКнын календарлык планына ылайык, Тышкы иштер министрлигинде атайын штаб түзүлдү.

25-ноябрга чейин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана өкүлүчүлүктөрү тарабынан чет жерде жүргөн шайлоочулардын тизмеси түзүлүп, Мамлекеттик каттоо кызматындагы тизме менен салыштырылып, такталды. Ага ылайык, бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн 14004 кыргызстандык жаран шайлоого катыша алышат.

Боршайком консулдарга тиешелүү бюллетендердин бланктарын тапшырды. Ошондой эле 28-29-ноябрь күндөрү чет өлкөлөрдөгү жооптуу кызматкерлер үчүн Бишкекте атайын окуу уюштурулду.

Азыркы учурда чет өлкөдөгү бардык шайлоо участокторунда жарандар референдум боюнча суроолоруна жооп ала алышат, мындан тышкары элчиликтерде «Өзүӊүздү шайлоочулардын тизмесине тактаӊыз!» өнөктүгү уланууда.

Чет өлкөлөрдө референдум өткөрүү үчүн Тышкы иштер министрлигине мамлекеттик бюждеттен 7 млн. сом бөлүндү.

Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG