Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Иран АКШ Конгрессин айыптады


АКШ Сенаты
АКШ Сенаты

Иран АКШ Конгрессинин санкцияларды узартуу чечимин айыптап чыкты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Конгрессти Тегеран менен дүйнөлүк державалардын ортосундагы өзөктүк келишимди бузуп жатат деп сындады.

1-декабрда АКШнын Сенаты Иранга карата санкцияларды дагы 10 жылга узартуучу мыйзамды колдоду. Ондогон жылдарга созулган санкцияларды жаңылоо чечимин Өкүлдөр палатасы мурда эле жактырган.

Мыйзам АКШ бийлигине Иран менен иш жүргүзгөн компанияларга санкция жарыялоого уруксат берет. Бул мыйзамга президент Барак Обама кол коёру күтүлүүдө. Обаманын администрациясы бул чечим Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча былтыр жетишилген келишимге шек келтирбестигин билдирген.

XS
SM
MD
LG