Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Салянова күйөөсүнүн көмүр чырына тиешеси жоктугун айтты


Аида Салянова.
Аида Салянова.

ЖК депутаты Аида Салянова Бишкек ТЭЦине көмүр ташууга күйөөсү аралашпаганын “Азаттыкка” билдирди. Салянова Бишкек жылуулук борборуна көмүр ташуу укугуна ээ болгон казакстандык “Прогресс компани” ишканасынын артында Атамбаев турганын ошол кездеги жогорку жетекчилер айтып жүрүшкөнүн кошумчалады:

-2014-жылы күзүндө Бишкек жылуулук борборунда коррупция болуп жатат, бир эле компания тендерди утуп жатыптыр деген маалымат келип түшкөн. Көп өтпөй эле Атамбаев бул маселе боюнча чогулуштарды өткөрө баштады. Ошондой эле ал кездеги энергетика министри Артыкбаев Атамбаевдин атынан барып, Бишкек ТЭЦтин жетекчилигин “Прогресс” компаниясы утушу керек деп коркутканы тууралуу айтылды. Мындай сөздөр президентке да жеткен. Бирок эки-үч күн өтпөй эле Атамбаев Артыкбаевди кызматтан алып салды.

Аида Салянова ошол кезде эле күйөөсүнүн көмүр чырына тиешеси жоктугун президентке жеткирүүгө аракет кылганын, бирок, Атамбаев аны укпай койгонун да айтууда.

Салянованын ырасташынча, Башкы прокурор кызматынан алынгандан кийин ага башка кызматтар сунуш кылынган, баарынан баш тартып, президенттин командасынан кетерин билдирген соң, күйөөсүнө кылмыш иши козголгон.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында мурдагы баш прокурор Аида Салянова күйөөсүнүн Бишкек ТЭЦине көмүр ташууга аралашканына байланыштуу кызматтан кеткенин айткан эле.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG