Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

3-декабрда ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...4, күндүз 8...13 градус жылуу.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5 суук, күндүз 7...12 градус жылуу.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3...2, күндүз 8...13 градус жылуу.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз 4...9 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5 градус суук.

3-декабрда Бишкекте жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 3...8, күндүзү 9...13 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG