Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Биздин партия – Сиздики! (Шайлоонун “шайтан” убадаларынан)


Жомоктогу “үч баштуу ажыдаар” кимдерди сыпаттаган? (Kimbaike. 03.4.2011).
Жомоктогу “үч баштуу ажыдаар” кимдерди сыпаттаган? (Kimbaike. 03.4.2011).

Бир катар өлкөлөрдө кезектеги шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Бул өнөктүк азилсиз эч жүрбөйт эмеспи. Жеңиш желегин эптеп колго тийгизүүнү көксөгөн “Нагыз Чунактар” партиясынын "кулакка кесме илген" үгүтү кызыгуубузду туудурду.

Урматтуу калыс жана кайдыгер эмес шайлоочулар!

Сиздерге акыркы чейрек кылымда пайда болгон “Нагыз Чунактар” партиясынын жергиликтүү шайлоо алдындагы үгүт баракчаларынан алынган омоктуу ойлорду дагы бир ирет тааныштырып коюуга уруксат этиңиздер. Ар бир сунушту кылдат окуп, коңшуңузга тааныштырыңыз.

Эгерде “Нагыз Чунактар” партиясы жеңип чыкса, анда шаарыбыздын турмушу түп-тамырынан оңолот, себеби:

* Шаарда кыйылган ар бир дарактын ордуна “бул жерде 2017-жылга чейин мыкты дарак өсүп турган” деген экологиялык максаттагы эскерүү тактачасын метал устунга илдиребиз.

* Шаарыбыздагы коомдук унаанын санын гана көбөйтпөстөн, автобус менен троллейбуска түшкөн ар бир жүргүнчүгө алдыңкы эшиктен чыгып жатканында он сомдон жөлөк пул берип турабыз, ардагерлерге он беш сомдон бердиребиз.

* Шаарда унаа тоскон МАИчилер таңкы саат 7ден кечки саат 7ге чейин эч бир айдоочудан пара албай тургандай жагымдуу шарт жаратабыз.

* Жөө кишилер эркин баса турган тилкелер түшүрүлгөн асфалттын жанында басаар-басмаксан болуп бутун солбуп, өзүнө жол бербеген унаа айдоочусун МАИчилерге туттуруп берген жарандарга “жол коопсуздугун чыңдоонун ыктыярдуу көмөкчүсү” наамын бердиртебиз.

* Шаардагы мыкты мектептердин жана бала бакчалардын деректирлери жаңы окуучуну кабыл алуу үчүн ата-энеден талап кылган көмүскө төлөм акчаларын үч эсе төмөндөтүшүнө жетишебиз.

* Шаардагы ЖОЖдордун ар бир студенти сынак маалында суроо менен кошо жоопту да берүүнү окутуучудан талап кылуу жана билгифонду (смартфонду) эркин пайдалануу укугуна ээ болот.

* Биздин шаарыбыздагы ар бир короочу ит коңшуларга себепсиз үрбөй тургандай түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

* Шаарда болочокто көчө өтө турган тилкеге жеке үй куруп алган мыкчегер кожоюндардан ошол үйдүн короо-жайынын үстүнөн автоунаа үчүн асма жол – эстакада куруп тапшыруусун талап кылабыз.

* Сүйүктүү шаарыбыздын көчөсүндө чемичке чаккандарды жана түкүрүнгөндөрдү четинен камап, заманбап таштанды тазалоо ишканасын курууга бир апта бекер иштөөгө милдеттендиребиз.

* Кайсы-бир көчөдө таштанды алынбай калса, Фейсбукка анын дарегин жазып коюңуз. Коңшу көчөлөрдөн таштанды издеп убара болуп жаткандар дароо келип, жыйнап кетишет.

* Көчөлөрдө ката жазылган көрнөктөрдү илген компаниялардын башчыларын эне тил эрежелери жөнүндөгү бекер сабактарга катышууга милдеттендиребиз.

* Жөнү жок эле машинелерин “пипилдете” берген айдоочулардын автоунааларынын номурларынын жанына сурнайдын сүрөтү чегилген “Элди тажатты!” деген сөзү бар белгини үч айлык мөөнөткө тактырабыз, ага да болбосо, айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгарабыз.

* Жүргүнчүнү көп салып алып, эч кырсыксыз жарыша айдаган чакан автобустардын айдоочуларынын жеңгендерине “Жүргүнчү ташуучулардын Куюн Маамыты” деген өтмө ардактуу наам бердиртебиз.

* Саламаттыкты чыңдоону ураан кылган сүйүктүү шаарыбыздагы бардык дары-дармек саткан түйүндөр жалган дарыларды кардарларга бекер таркатуусун камсыз кылабыз.

* Тамеки сатып алгандарга “Чылым чегүү – ден соолукка зыян!” деген сөз жазылган сагыз бекер берилет.

* Күмүш булактан ташылып келген суулардын бардыгы желим бөтөлкөлөргө куюлуп, шаардыктарга бекер таркатылат.

* Аты бар, заты жок кесиптик кошуундарга (профсоюздарга) эми чындап иш алып баруусу үчүн он жылдык мөөнөткө 1 пайыз сүт төлөө шарты менен насыя акча берилет.

* Ал эми демонстрацияга чыккандардын ар бирине аны уюштургандардын атынан бекер жылуу тамак берилиши шаардык кеңештин токтому аркылуу мыйзамдаштырылат. Мындай тамак берүү ачкачылык жарыяланганда гана сүйлөшүүлөр аркылуу токтотулушу мүмкүн.

* Үйлөнүп жаткандарга 1 “Лимузин” жана окшош 20 “Мерседестен” турган эскорттук унаа күн сайын 10:00-19:00дөн тышкаркы убакытта төрт саатка бекер берилет.

* Күйөө баланын атасы мындан ары калыңды колуктунун ата-энесине эмес, шаардык бүжөткө төлөөсү милдеттендирилет. Бул калың 10 сомдон башталат жана анын соңку көлөмү чектелбейт.

* Каза болгондордун сөөгүн көмүү үчүн шаар четиндеги кыштактардын жерлерин басып алууга шаардыктарга уруксат берүү тууралуу Өкмөткө кайрылуу жасалат.

* Мурдагы парктын же гүлбакчанын ордуна 12 кабаттан кем эмес турак үй курган курулуш компанияларына эки кабаттагы батирлерин шаардык социалдык тизмедегилерге бекер берүү жаза иретинде милдеттендирилет. 12 кабаттан төмөнүрөөк курулуштарды мындай жерлерде курууга эч уруксат кылынбайт. Эгерде мындай жерге ресторан курулчу болсо, анын кожоюнунан шаардык кеңешке депутаттык күбөлүктү көрсөтүү талап кылынат.

* Ар кандай куудулдарга шаардык кеңештин депутаттарын мазактоого эч кандай тыйуу салынбайт. Тек гана аларды маңыроо жаныбарларга теңеп сыпаттоого табу коюлат.

* Шаардык кеңештин иши менен таанышууну каалагандарга иш күндөрү эшик ачык болот. Таанышуу саякаты аяктаган соң, келгендерге шаардык кеңештеги биздин партиядан шайланган депутаттардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу чакан концерт тартуулап турат.

Урматтуу шайлоочу!

Сизден шайлоо күнү эмне талап кылынат?

Биринчиден, кулагыңызга чоочун партиялар илген калың кесмени акыры-ын тазалап коюңуз. Биздин кесме – колго жасалган, назик, ичке, жеңил, экологиялык жактан зыянсыз болгондуктан, ага тийбей эле коюңуз. Экинчиден, “Нагыз Чунактар” партиясы үчүн гана добуш бериңиз. Сизден сураарыбыз болгону ошол эле!..

Баса... Биздин партиябыз үчүн добуш берип чыкканыңыз мултимедиа жолу менен тастыкталса, анда кеңсебизден сизге 5 кило картөшкө, же 500 грамм шекер, же болбосо 50 грамм “беркисинен” сунушталат. Акыркы вариантты жубайыңызга билдиртпей тандагыңыз келсе, кызматкерибизге сол көзүңүздү эки жолу кысып койсоңуз эле, бардыгы түшүнүктүү болот. Бизди колдогон шайлоочулардын ысымдарын ардак тактага алтын буусу менен чегип, Айдын аркы бетиндеги бийик устунга илдирип коймокчубуз.

“Нагыз Чунактар” партиясы – нагыз Сиздин партияңыз!

P.S.

Эгерде биздин партиябыздын аталышын шайлоо бүллетенинен таба албай кыйналсаңыз, анда Сиз – башка шаардын тургунусуз же башка өлкөнүн атуулусуз. Эгерде бул азилдеги “Нагыз Чунактар” партиясынын аталышы кайсы-бир партиянын аталышы менен окшош болуп чыкса, же анын үгүтү кайсы-бир азыркы партиянын үгүтүнө үндөш келсе, анда биринчилик укугун тастыктоо үчүн Марс планетасындагы Жогорку сотко арыз менен кайрылууга акыңыз бар! Телефон чалуу же факс жөнөтүү үчүн оболу Марс планетасынын кодун терүүнү унутпаңыздар!

XS
SM
MD
LG