Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Москвада кыргызстандык жаран сасык тумоодон каза тапканы айтылууда


Орусиялык маалымат каражаттары 20 жаштагы кыргызстандык кыздын жансыз денеси өз батиринде табылганын жазып чыгышты. Алдын ала маалыматтар боюнча ал акыркы жумаларда сасык тумоо менен катуу ооруп жаткан жана анын өлүмүнө да оорунун күчөп кеткени себеп болушу ыктымал.

Бул Москвада сасык тумоодон көз жумган быйылкы жылдын биринчи учуру болууда.

Маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тастыктап, учурда Москвадагы элчилик тактоо иштерин жүргүзүп жатканын билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча каза болгон жаран үйүндө өзүнө-өзү ийне сайып дарыланган. Азыркы учурда кыздын сөөгү Москвадагы №10 соттук-медициналык өлүкканада кармалып турат. Элчилик каза болгон кыздын туугандары менен байланышка чыкканы дагы кабарланды. (SDz)

XS
SM
MD
LG