Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Италияда конституциялык реформа боюнча референдум өтүп жатат


Маттео Ренци
Маттео Ренци

Бүгүн, 4-декабрда Италияда конституциялык реформага байланыштуу референдум өтүүдө. Батыш маалымат агенттиктери жазгандай, референдумда Италия элинин Евробиримдикке карата маанайы аныкталат. Шайлоочуларга Европага ыктаган азыркы премьер-министр Маттео Ренциге экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн кеңейтилген укуктарды берүү боюнча суроо коюлган.

Ал ортодо Европа Биримдигин сындаган саясый күчтөр шайлоочуларды “каршы” добуш берүүгө үндөп, премьер-министрди кызматтан кетирип, аны менен Италияны евроаймактан чыгарууга үгүт жүргүзүшүүдө.

Эгерде бүгүнкү Италиядагы референдумда “каршы” добуштар үстөмдүк кылса, “Беш жылдыз кыймылынын” таасири артып, орус президенти Владимир Путинге ыктаган саясатчылар Беппе Грилло жана Маттео Сальвианинин рейтинги жогоруламакчы. Себеби азыркы өкмөт башчы Ренци референдумдан колдоо таба албаса, кызматтан кетерин айткан эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG