Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Укук коргоочулар: Асаддын күчтөрү Алеппонун 60 пайызын ээледи


Сирия, Алеппо шаары
Сирия, Алеппо шаары

Сириянын өкмөттүк күчтөрү акыркы үч жумада Алеппонун 60 пайыз аймагын ээледи. Бул жерлер мурда куралдуу оппозициянын колунда болуп келгенин Сириянын адам укугун көзөмөлдөөчү борбору маалымдады.

Укук коргоочулар билдиргендей, жума күнү Башар Асаддын күчтөрү козголоңчуларды Тарик аль-Баб аймагынан сүрүп чыгып, батыш райондорду аба майдан менен байланыштырчу жолду көзөмөлгө алды. Бул жумада өкмөттүк күчтөр бир нече ири районду да ээлеген.

Алеппога көзөмөл кылуу президент Асаддын негизги максаты. Бир нече жылдан бери шаар куралдуу козголоңчулардын башкаруусунда. (SDz)

XS
SM
MD
LG