Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Өзбекстан: саат 11ге чейин 33% шайлоочу добуш берди


Өзбекстандагы шайлоо
Өзбекстандагы шайлоо

Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоо өттү деп жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мырза-Улукбек Абдусаломов саат 11ге чейин 33 пайыз эл добушун бергенин маалымдады. Шайлоо участкалары кечки саат сегизге чейин иштейт.

Сурамжылоодо президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкан Мирзиёев көпчүлүк добушка ээ болоору аныкталган. Ал Каримовдун учурунда премьер-министр кызматын ээлеп келген. Мирзиёев буга чейин Ислам Каримов жүргүзүп келген ички жана сырткы саясаттан жазбай турганын билдирип келет.

Конституция боюнча Өзбекстандын жогорку бийлиги президентке таандык. Акыркы Баш мыйзамга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, президент беш жылга эки гана мөөнөт шайлана алат.

Өзбекстанды чейрек кылым башкарган Ислам Каримов ушул күздө дүйнөдөн кайткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG