Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Жалал-Абад: КСДПнын талаштуу тизмеси


Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарды.

Мындай чечимди комиссия мүчөлөрү шаардагы үч саясий партиянын арызынан соң кабыл алышты. Даттанууда КСДП партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик норманы сакталбаганы жана жайгашуу тартибин бузгандыгы көрсөтүлгөн.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы "Жалал-Абад шаардык кеңешке бараткан КСДП партиясынын шайлоо тизмегинде мыйзам бузуучулук бар" деген жогорудагы үч партиянын арызын 2-декабрдагы отурумунда четке какты. Бул тууралуу БШК расмий сайтында жарыялады.

БШК “аталган кемчиликтер партиянын тизмеги расмий түшкөндөн тарта 24 сааттын ичинде Жалал-Абад АШКсы тарабынан каралышы керек болчу” деп белгилеп, учурда кароо мөөнөтү өтүп кеткендигин кошумчалады.

Ал эми Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарган чечимин БШК бүгүн карайт.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттоо ушул жылдын 1-ноябрында бүткөн. 5-ноябрда БШК алардын ар бирине талапкер күбөлүгүн тапшырган. Шаардык кеңешке шайлоого катышуучу жалпы талапкерлердин тизмеси БШКнын расмий сайтына жана маалымат каражаттарына жарыяланган. Башка партияларда күмөн саноо тизме жарыяланган соң жаралган. Ошол себептүү үч партия биригип 30-ноябрда БШКга жана аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган.

"Ата Мекен" саясий партиясынын шаардык бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Гүлжан Асанова КСДП тарабынан мыйзам одоно түрдө бузулган дейт.

- "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо" жөнүндөгү мыйзамдын 44-беренесинин 7-пунктунда шаардык кеңештерге талапкерлердин жалпы санында эркектердин саны 70% дан ашпоосу белгиленген. КСДП партиясы берген 85 талапкердин 73% эркектер болуп, норма сакталган эмес. Мындан сырткары талапкерлердин тизмеде жайгашуусу 2 эркек 1 аял болуусу керек болчу. Бирок бул норма да сакталбай, 47-орундан кийин 10 эркектин арасына бир гана аял киргизилген. Мыйзамда так көрсөтүлгөн, эгерде тизме түзүүдө кемчиликтерге жол берилсе ушул мыйзамдын 53- жана 60-беренелерине ылайык партиянын талапкерлеринин тизмеси шайлоо күнүнө үч күн калганга чейин жокко чыгарылыш керек. Биз БШКга жазган арызыбызда катачылыкка жол берген аймактык шайлоо комиссиясынын жоокерчилигин кароону, ал эми АШКга жазган арызыбызда КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарып берүүнү суранганбыз. Буга "Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын аймактагы координаторлору кол коюшкан.

Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 2-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, "Ата Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынан келген доо арызды кароого алышкан. Анда партиялар КСДП партиясы гендердик балансты сактаган эмес жана эркек-аялдардын жайгашуу тартиби бузулганын доо арызда көрсөтүшкөн. Бул багытта комиссия мүчөсү Насыйкат Калымбетова мындай дейт.

- 30-ноябрда жогорудагы үч саясий партиянын атынан биздин Аймактык шайлоо комиссиясына арыз түшкөн. Үч күндүн ичинде биз аны карап жооп беришибиз керек болчу. Ошол себептүү 2-декабрь түштөн кийин 11 адамдан турган Жалал-Абад шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсүнүн катышуусунда кезексиз жыйын өткөрдүк. Анда КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 70%дан көп эркек кишилер катталып, жайгашуу ирети да бузулгандыгы аныкталган. Кезегинде КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин комиссия төрайымы Бактыкан Нуралиева мен өзүм караймын деп бизге көрсөтпөй койгон. Биз субординацияны сактап ал менен макул болуп тизмени көргөн эмеспиз. Анын катачылыгы азыр билинип жатпайбы? Ошол себептүү бул катачылык кеткенин төрайым мойнуна алып, аныкталган соң мыйзам эрежеси боюнча биз КСДП партиясынан талапкерлердин тизмесин жокко чыгардык. Мүчөлөрдүн ичинен 7 адам буга макул болуп, өз чечимибизди БШКга жөнөттүк.

Комиссиянын бул чечимин чыгаруу оңойчулукка турган жок. Анткени талаш-тартыш менен коштолгон отурум кечки саат сегизге чейин уланып, "мүчөлөргө шаар бийлигинин басымы болду" дейт Гүлжан Асанова:

- КСДП партиясынын лидерлери, шаар бийлиги комиссиянын отурумун өткөрүүгө аябай каршылык көрсөттү. Аймактык шайлоо комиссиясы шаар мэриясынын имаратында жайгашкандыктан басым жасоолор да орун алды. Мэрия имаратына жалданма аялдарды чогултуп, милиция, УКМК кызматкерлери ошол жерде аралашып жүрүштү. Добуш берүүгө келгенде мэриянын жарыгын өчүрүп салышты. Бирок бардык каршылыктарга карабай, комиссия өз чечимин кабыл алды. Бир мүчөсү кысым болгондуктан документке кол койбой качып кетти.

2-декабрь түштөн кийин 11 адамдан турган Жалал-Абад шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсүнүн катышуусунда кезексиз жыйын өткөрдүк. Анда КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 70%дан көп эркек кишилер катталып, жайгашуу ирети да бузулгандыгы аныкталган.

КСДП партиясы тизме түзүүдөгү алешемдиктерди шайлоо комиссиясынан көрүүдө. Анткени убагында берилген тизмеге алар эч кандай доомат койгон эмес. "Ошол себептүү баары мыйзамдуу деп ойлогонбуз", - дейт партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мойдинов:

- Шайлоого катышуу үчүн башында талапкерлерди чогултуп, тизме түзгөн соң бизде өзгөрүүлөр болуп кетти. Партия бекиткен тизмеден айрымдар чыгып кетишкендиктен бир аз өзгөртүлүп калган. Биз тизмени өз убагында аймактык шайлоо комиссиясына бергенбиз. Алар тарабынан бизге тизме боюнча эч кандай суроо-талап коюлган эмес. Ошол себептүү биз тизмеде катачылык болгонун билген эмеспиз. Анан дагы бир жагдай, 30-ноябрь күнү үч партия БШКга арыз менен кайрылганда алар ошол эле күнү өз отурумун өткөрүп, аймактык шайлоо комиссиясына бул иштер боюнча сөгүш жарыялашкан. Ага макул болбогон партиялар 2-декабрда кайрадан АШКга кайрылуу жолдоп жатышат. Комиссия бул күнү кайра жыйынга чогулуп, биздин тизмени жокко чыгаруу боюнча токтом кабыл алган. Бул жерде АШК мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен. Бизде бардык топтолгон материалдар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-декабрдагы отурумунда "Жалал-Абад шаардык кеңешке бараткан КСДП партиясынын шайлоо тизмегинде мыйзам бузуучулук бар" деген жогорудагы үч партиянын арызын четке какты. Бул тууралуу БШК расмий сайтында жарыялады.

Бирок Бобордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган токтомду бүгүн 5-декабрда карашы керек. Анда БШК КСДПны тизмеден чыгаруу же чыгарбоо чечимин кабыл алат.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги 31 мандат үчүн жети партия ат салышууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG