Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Ооган президенти Пакистанды терроризмге каршы күрөшүүгө үндөдү


Ооганстанга арналган жыйын.
Ооганстанга арналган жыйын.

Индиянын Амритсар шаарында Ооганстанга байланыштуу эл аралык конференцияда 4-декабрда сөз сүйлөгөн ооган президенти Ашраф Гани Ооганстанды реконструкциялоого жардам иретинде убада кылган 500 миллион долларды Пакистан терроризмге каршы күрөшүүгө багыттаса жакшы болор эле деди.

Террорчул уюмдарга “кээ бир өлкөлөр баш паанек берип, жол коюуда” деп айтты Ашраф Гани. Ооган президенти Ооганстан быйылкы жылы террордун запкысын абдан катуу тартканын, мындайга жол берүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, быйылкы жылы 11 миң 2 киши ооган чатагынын курмандыгына айланды. Расмий Кабул бул үчүн Пакистанда жайгашкан жоочуларды айыптап келатат. Пакистан өз кезегинде ал өзү террорчулуктун курмандыгы болуп жатканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG