Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

6-декабрга аба ырайы


Жаап өткөн жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү болот. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралык сактоого тийиш.

6-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу аймактарда жана тоолорго жакын райондордо жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10,

Талас жергесинде 0...-5, күндүз +3...+8,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндуз -3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн -1...+1, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG