Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

“Терминал-милиционер” тасмасы боюнча териштирүү жүрүүдө


Жол четинде туруп, айдоочулардан кезеги менен акча алып жаткан тартип сакчысы боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө. Күч органдарынан “Азаттыкка” билдиришкендей, интернетке өткөн жумада тараган тасма Ош облусунда тартылган. Бирок окуя качан болгону белгисиз.

Анда Патрулдук милиция кызматкеринин формасындагы киши автоунааларды токтотуп, айдоочулар кезеги менен келип анын колуна акча карматып жатканы тартылган. Милиционер шопурларга өзүн тааныштырбай, документ көрсөтпөй эле унчукпай тыйынын алып, чөнтөгүнө салып жатканын көрүүгө болот.

Интернеттеги социалдык тармак колдонуучулары бул видеону “Терминал-милиционер” деп шакабага алып жатышат.

Кыргызстанда жол көзөмөлүн тескеген тартип сакчылары коррупцияга малынганы тууралуу сын-пикирлер тынбай айтылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG