Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Айдоочулар менен милиционерлердин жаңжалы иликтенүүдө


Бишкектин Көк-Жар конушунда милиционерлер менен такси айдоочуларынын жаңжалы иликтенүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, окуя 6-декабрга караган түнү саат бирлерде болгон.

Маалыматка караганда, аталган конушта “Жорго таксинин” белгиси илинген машинени аймактык үч тескөөчү текшеришкен. Автоунаада үч киши болгон.

- Ал машинедеги кишилерди наркологиялык диспансерге алып барып текшергенде алардын экөө маңзат чегип алганы аныкталган. Кармалгандар “Жорго таксидеги” башка кесиптештерин жардамга чакырышканда, 200дөй айдоочу чогулуп, жапырт жаңжал чыккан.

Абал курчуп кеткендиктен күч кызматкерлери абага ок чыгарган.

Таксиде отурган экөө кармалып, сурак берүүдө. Окуяга байланыштуу "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бишкек ШИИБ милиционерлер кызматтык милдетин аткарганын айтууда. Ал эми айдоочулар тартип сакчылары орой мамиле жасап, аша чаап жиберишкенин белгилеп жатышат.

Жаңжалда жабыркаган милиция кызматкерлери дарыланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG