Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Сауд соту 15 адамды тыңчылык үчүн өлүм жазасына өкүм кылды


Алар Ирандын пайдасы үчүн тыңчылык кылган деп айыпталды. Алар менен кошо адамдардын бир тобу алты жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Эр-Рияд шаардык соту өкүмүн 6-декабрда чыгарганын "Ал-Арабия" телеканалы маалымдады. Бул иш боюнча жалпысынан 32 киши айыпталган. Алардын 30 Сауд Арабиясынын Аль-Катиф регионунун тургундары. Бул региондо шииттер басымдуулук кылат. Калган эки кишинин бири Иран жараны, экинчиси ооган жараны. Алар 2013-жылы кармалып, сот февраль айында башталган.

Кармалгандарга Иран чалгын кызматы менен кызматташуу уюмун түзгөн, Сауд армиясы тууралуу жашыруун маалыматтарды берген деп айып коюлган. Сауд Арабиясы менен Иран ортосунда регионалдык тирешүү күчтүү экени белгилүү. (AiT)

XS
SM
MD
LG