Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Францияда өкмөт башчылыкка ички иштер министри көрсөтүлдү


Бернар Казнев
Бернар Казнев

Өлкөнүн президенти Франсуа Олланд 6-декабрда ички иштер министри Бернар Казневду премьер-министрликке дайындап, өкмөт куроону тапшырды.

5-декабрда Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс президенттик шайлоого катышарын билдирип, кызматынан кеткен эле.

53 жаштагы Бернар Казнев 2014-жылы ички иштер министри болуп дайындалган. Франциянын социалисттик партиясы президенттик үчүн талапкерлерин аныктоо үчүн праймеризди январь айында өткөрүүнү белгилеген. Алардын атаандашы, Республика партиясынын праймеризинде мурунку өкмөт башчы Франсуа Фийон жеңип алды. Францияда президенттик шайлоо 2017-жылы май айында болот. (AiT)

XS
SM
MD
LG