Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Бишкекте инвестициялык форум өтөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн боло турган форумду Жаш ишкерлер биримдиги Экономика министрлиги менен биргеликте уюштурууда. ЖИА бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек “Азаттык” радиосуна билдиргендей, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын өкүлдөрү катышат. Мындан тышкары Монголия, Украинадан ишкерлер келмекчи.

Форумдун жүрүшүндө аймактардагы инвестициялык абал талкууланып, инвесторлор менен ишкерлердин эки тараптуу жолугушуулары уюштурулат, мыкты деген долбоорлор сынга коюлат. Буга чейин 500 000 АКШ долларынан жогору суммадагы ири бизнес долбоорлор, бул суммага чейинки иштеп жаткан чакан жана орто бизнес жана ийгиликтүү Start Up (башталгыч) долбоорлор кабыл алынган.

Инвестициялык форум натыйжалуу бизнестерге инвестиция тартуу, ишкерлер менен инвесторлордун кызматташуусун жакшыртуу үчүн платформа түзүүгө багытталган. Ошондой эле анда ишкерлер бизнести өнүктүрүү боюнча инновациялык идеялары жана тажрыйбалары менен бөлүшөт. Иш-чара быйыл экинчи ирет өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG