Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Пакистан: аба кырсыктын курмандыктары 40ка жетти


Пакистанда учактын кыйрашынан мерт кеткендердин саны 40ка жетти. Учак 7-декабрда Исламабаддан 70 чакырымдай түндүктө жайгашкан Хавелиан шаарынын жанында кырсыкка кабылган.

Читрал шаарынан Исламабадды көздөй бараткан Pakistan International Airlines компаниясынын учагында 40тай жүргүнчү жана экипаждын беш өкүлү болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында чет элдиктер да бар экени кабарланды. Куткаруучулар күйгөн учактан 40 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Рейтер агенттиги күбөлөрдүн айткандарына шилтеме берип учактагылардын баары набыт болгонун маалымдады. Премьер-министр Наваз Шариф федералдык бийликтерге тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды. PIA компаниясына караштуу учак акыркы жолу 2006-жылы кыйрап, 40тай адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG