Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Кызытмага байланыштуу Орусияга карата санкциялар узарды


Эл аралык Олимпиада комитети кызытма чырына байланыштуу Орусияга каршы 19-июлда киргизген санкцияларын белгисиз мөөнөткө узартты. Уюмдун аткаруу комитети чектөөлөр «өзгөчө буйрукка чейин» алынбайт деген чечим кабыл алды. Бул - Эл аралык Олимпиада комитетинин камкордугу алдында Орусия аймагында эч кандай спорттук мелдештер менен иш-чаралар өткөрүлбөйт дегенди билдирет. Ошондой эле спорттун кышкы олимпиадалык түрлөрүнүн бардык федерацияларын Орусия кубокторуна даярдык көрүүнү токтотууга чакырды.

Буга чейин Орусияга каршы санкциялар жыл соңунда алынары күтүлүп жаткан.

XS
SM
MD
LG