Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Түркмөнстан азык-түлүк таңсыктыгы менен күрөшүүдө


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

7-декабрда Түркмөнстанда «Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Анда өлкөдөгү азык-түлүк тартышыгын алдын алуу маселеси камтылган. Бул үчүн калктын тамактануу эрежелери, жашоо үчүн зарыл болгон азыктарды керектөөсүнө жараша экономикалык жана укуктук иш-чаралар даярдалып, жүзөгө ашырылат.

23-ноябрда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов мыйзамга кол коёрдо документ «азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча саясатты аныктай турганын, ошондой эле жарандардын толук кандуу жана пайдалуу тамактануусу үчүн укуктук негиз болорун» билдирген.

Жаңыртылган мыйзам азык-түлүк баалары кымбаттап, айрымдары таңсык болгон маалда кабыл алынды. Акыркы күндөрү Ашхабад менен Түркмөнабаддын базарларында кургатылган жемиштер, кондитер азыктары, жаңгактар, өнөр жай товарлары жана мөмө-жемиштер дээрлик эки эсеге кымбаттады. Төрт айдан бери мамлекеттик дүкөндөрдө шекер менен өсүмдүк майын сатууда чектөөлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG