Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Нарын: "Ата Мекендин" депутаттарына тоскоолдук болду


Нарын шаарында аялдар тобу "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун сөз сүйлөшүнө тоскоолдук кылышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчысы ырастады. Депутаттар менен элдин жолугушуусу 8-декабрда Жаштар үйүндө өтүп, ага 100гө чукул адам келди. Эл өкүлдөрү алдыдагы референдум тууралуу сүйлөштү. Бир топ аялдар президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы тирешүү карапайым жарандарга терс таасир этип жатканына нааразылык билдиришип, өлкөгө туруктуулук керектигин айтышты. Айрымдары Текебаевди "мародер" деп атап, Атамбаев менен каршылашууну токтотууга чакырышты.

"Атамекенчилер" муну жергиликтүү бийлик уюштурган деген божомол айтышууда. Облустук бийликтен бул боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG