Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кыргыз прокуратурасынын эл аралык рейтинги жогорулоодо


Кыргызстандын прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөш жаатындагы эл аралык рейтингде орду жогорулап бара жатат. Transparency International уюмунун тизмесинде былтыркы көрсөткүч боюнча 166 мамлекеттин ичинен 123-орунду ээледи. 2012-жылы 164-тепкичте болчу. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Эл аралык коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата жыйында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Эл аралык уюм Кыргызстанда жемкорлукту азайтуу боюнча бийлик тарабынан күрөш дагы күчөтүлүшү зарылдыгын белгилеп келет.

2003-жылдын 9-декабрында Мексикада өткөн конференцияда Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча конвенциясы кабыл алынган. Аны 170 мамлекет колдогон.

XS
SM
MD
LG