Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Орусиячыл эки активист Беларуста кармалышты


Минск шаары
Минск шаары

Улут аралык араздашууну козгогон деген шек менен эки орусиячыл активист Дмитрий Алимкин менен Юрий Пауловец Беларуста 6-декабрда кармалышканын алардын туугандары, достору маалымдашты.

Алимкиндин жубайынын айтымында, полиция алардын Брест шаарындагы батиринде тинтүү жүргүзүп, интернет аркылуу улут аралык араздашууну козгогон деген шек менен күйөөсүн кармап кетишкен.

Ушундай эле шек менен Пауловец да баш калаа Минскте кармалганын анын достору айтышты.

Алимкин менен Пауловец экөө тех Минсктин “европачыл саясатын” сынга алып, орус жана беларус маалымат каражаттарында кремлчил көз караштарын ачык айтып келгендери менен белгилүү.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн бийликтери Москва Украинанын Крым жарым аралын басып алган соң кооптонуп келишет. 8-декабрда Казакстандын соту Орусияга кошулууга үндөгөн жаранды беш жарым жылга эркинен ажыратты.

XS
SM
MD
LG