Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Анкара президенттин бийлигин бекемдөө үчүн референдум өткөрөт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркия өкмөтү кийинки жылдын жаз айларында президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу референдум өткөрөт. Бул жөнүндө Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуреттин Чаникли 9-декабрда телеканалдардын бирине берген маегинде айтты. Ал өкмөт мындай сунушту парламенттин кароосуна бүгүн жөнөтөрүн кошумчалады.

Чаниклинин айтымында, сунуш колдоо табышы үчүн 550 орундуу парламенттеги депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушун топтоо жетиштүү.

9-декабрда Түркия прокуратурасы бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленге байланышы бар деп шектелген 87 кишини камоого чечим чыгарды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү июль айындагы төңкөрүш аракетинин артыда Гүлен турган деп айыптап келет. Диниятчы өзү бул дооматтарды четке кагат.

240 адамдын өмүрүн алган июль окуясынан кийин 36 миңдей киши камакка алынып, жүз миңдей адам жумушсуз калды.

XS
SM
MD
LG