Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Өзбекстанда союз учурундагы лидер акталды


Советтик Өзбекстандын мурдагы лидери Инамжан Усманкожоев.
Советтик Өзбекстандын мурдагы лидери Инамжан Усманкожоев.

Инамжан Усманкожоев Жогорку Соттун чечими 18-ноябрда колуна тийгенин “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди.

Ал өлкөнү кайра куруу жылдары жетектеп, "Пахта иши" деп аталган коррупциялык иш боюнча 1989-жылы эркинен ажыратылган эле.

86 жаштагы Усманкожоев 1983-1988-жылдары Өзбек ССРнин башында турган. Ал коррупцияга айыпталып, 1989-жылдын декабрь айында 12 жылга эркинен ажыратылган. Усманкожоев 1990-жылы эркиндикке чыккан, бирок соттуулугу алынган эмес.

Инамжан Усманкожоев өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов көз жумган соң гана акталды.

1980-жылдардын ортосунда коррупцияга каршы күрөш кампаниясы башталганда Орусия жана Өзбекстанда жооптуу кызматтардагы 800дөй адамга кылмыш иштери козголгон. Төрт миңден ашуун киши, анын ичинде Советтик Союздун ички иштер министринин орун басары, Леонид Брежневдин күйөө баласы Юрий Чурбанов да камакка алынган.

XS
SM
MD
LG