Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Каирдеги жардырууну “Хазм кыймылы” өз мойнуна алды


Каирдеги жардырууда алты полициячы мерт кетти
Каирдеги жардырууда алты полициячы мерт кетти

Алты полиция кызматкеринин өмүрүн алган Каирдеги жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Хазм кыймылы” тобу өз мойнуна алды. 9-декабрда болгон теракт баш калаадагы өткөрмө пункттардын биринде ишке ашкан. Алдын ала маалыматка караганда бомба таштанды челекке салынган.

Египет бийлиги “Хазм кыймылын” өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылы менен байланышы бар деп эсептейт. Соңку бир нече айдын ичинде бул топ Египетте бар катар чабуулдарды жасаганын мойнуна алган.

Август айында топтун согушкерлери өлкөнүн жогорку имамы Али Жумага кол салышкан.

XS
SM
MD
LG