Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Таласта партиялар 500, 1000 сомдон таратып жатканы айтылууда


Таласта айрым партиялар добуш сатып алууга аракет жасап жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө. Жергиликтүү тургун Аймира Канатова "Азыттыкка" билдиргенине караганда, ал өзүнүн жарандык милдетин аткаруу үчүн Талас шаарындагы №6107 шайлоо бекетине барганда бейтааныш адамдар аны сүйлөшүүгө чакырган:

- Мени машинага чакырып акча сунушташты. Албайм дедим. Унаанын ичинде эркектерге арак куюп берип жатышыптыр.

Кабарчыбыз шайлоочулар менен сүйлөшкөндө аларга партия өкүлдөрү 500, 1000 сомдон акча таратып жатканын айтып беришкен.

Саат 14:00гө карата Талас облусунда референдумга шайлоочулардын 21,6%, ал эми жергиликтүү кеңешке 21,7% катышып, добушун берди. (AlS)

XS
SM
MD
LG