Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жарандык көзөмөл комитети: референдумга мугалимдер курал болууда


Референдум.
Референдум.

Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Динара Ошурахунова маалымдады. Анын ырасташынча, жергиликтүү кеңештерге шайлоосу жок Каракол шаарында референдумга добуш берүү жүрүп жатат:

-Шаардагы 24 шайлоо участогуна мугалимдерди колдоруна шайлоочулардын тизмесин берип тизип койгон. Алардын милдети добуш бербегендерди таап, чакырып, добуш бердирүү экен.

Ошурахунова ушундай эле көрүнүштөр Кербен, Ош шаарларында да болуп жатканын кошумчалады.

Ош шаарындагы көз карандысыз байкоочу Гүлгакы Мамасалиеванын маалыматы боюнча, шаардагы мектептердин мугалимдери референдумга добуш берип, мектеп жетекчилигине маалымат берип жатышканын байкоочулар аныкташкан.

Жергиликтүү бийлик ээлери мындай көрүнүштөр жок экенин, мугалимдерди мажбурлап иштетүү болбогонун маалымдашууда.(ZKo/AsM)

XS
SM
MD
LG