Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

КМШ байкоочулары: Добуш берүү ачык-айкын өтүп жатат


Мындай пикирин Шериктештик уюмунун байкоочулары билдиришти. Орусия Мамлекеттик Думасынын мүчөсү Ганзя Вера “Азаттыкка” курган маегинде, Кыргызстандагы шайлоодо бейтараптуулук өкүм сүрүп жатканын айтып кетти:

-Мен өзүм шайлоо участокторунда болуп келдим. Шайлоону уюштуруу иштери абдан жакшы жүргүзүлгөн. Шайлоодогу бейтараптуулук деңгээли өтө бийик деп айта алам. Бул жерде жарандардын эркине эч нерсе таасир эте албайт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталды. Алар 25 чет өлкөдөн, 46 эл аралык уюмдан катталышкан.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдардан тартып, добуш берүү жараяндарына көз салып келген ЕККУ бул жолу байкоочуларын жибербесин маалымдаган.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG