Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Сирия армиясы Пальмирадагы жоочуларга сокку урду


Пальмирадагы тарыхый эстеликтер. 2015-жыл, май.
Пальмирадагы тарыхый эстеликтер. 2015-жыл, май.

Сирия армиясы Пальмирага кайрадан бастырып кирген согушкерлерге сокку урду. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы жекшембиде билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул операцияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун 300дөн ашуун жоочусу өлтүрүлгөнүн билдирди. Орусия авиациясынын жардамында аларга каршы 64 жолу абадан сокку урулганы расмий кабарланды.

Тарыхый Пальмира шаары быйыл мартта согушкерлерден тазаланган эле. 8-декабрда исламчыл жоочулар кайрадан бастырып кирген. Алар калаадагы бир топ тарыхый эстеликтерди жок кылышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG