Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

АКШ: Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү Орусия боюнча маалымат берүүгө чакырды


Дональд Трамп ЦРУнун Орусия анын шайлануусуна хакерлик ыкма менен жардам берген деген бүтүмүн сынга алды. Жашыруун докладдын айрым өңүттөрү өткөн аптада америкалык прессада жарыяланган.
Дональд Трамп ЦРУнун Орусия анын шайлануусуна хакерлик ыкма менен жардам берген деген бүтүмүн сынга алды. Жашыруун докладдын айрым өңүттөрү өткөн аптада америкалык прессада жарыяланган.

АКШнын шайлоочулар Коллегиясынын он мүчөсү: тогуз демократ, бир республикачынын ачык каты Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клепперге багытталды.

Алар чалгын мекемесин Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө Дональд Трампка жардам көргөзүү максатында кийлигишкени боюнча кенен маалымат берүүгө үндөшүүдө.

Кат ээлеринин пикиринде, АКШнын чалгын кызматтарынын буга чейин иликтөөсүнүн жыйынтыктары менен тапкан далилдери “алардын Дональд Трамп Кошмо Штаттардын президенти катары кызмат кылууга жарамдуулугу боюнча талкууларына тикелей таасир көргөзө алат”

АКШдагы тартип боюнча шайлоочулар Коллегиясынын 538 мүчөсү болочок президент үчүн 19 –декабрда добуш берүүсү керек.

Адатта алар штаттарда буга чейин өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгын жөн эле бекитип коюшат.

Шайлоочулар коллегиясынын саналуу мүчөлөрү тарабынан жогорудагыдай маселенин көтөрүлүшү АКШнын Борбордук чалгын кызматы Орусия Демократиялык партиянын электрондук каттары жана документтерин хакерлик жол менен уурдоо аркылуу Дональд Трамптын шайлануусуна жардам берүүнү көздөгөн деген бүтүмгө келгени кабарланган учурга туш келди.

Дональд Трамп өзү бул маалыматты “күлкү келерлик” деп атаган менен Конгресстин айрым белгилүү өкүлдөрү олуттуу маани берип, иликтөө баштай турганын билдиришүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG