Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Кыргыз аткаруучуларынын автордук укук боюнча маалыматы аз


Кыргызстанда ырчылык жана адабият жаатында эмгектенип жаткандар арасында автордук укуктун мыйзамдык эрежелерин жакшы билгендер аз болууда. Ошондой эле жаңы кинолор кинотеатрда көрсөтүлүп бүтө электе каракчылык жолу менен базарга тарап кеткен көйгөй токтой элек. Бул тууралуу “Кыргызпатент” ишканасынын басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүн аталган мекеме ушул маселеге арналган талкуу уюштурууда. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда өтө турган жыйынга ырчылар, акын-жазуучулар жана юристтер чакырылды.

2014-жылы автордук укукту коргоо максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго барабар.

Маалыматка караганда, ушул тапта чыгарма талашып соттошуп жаткан 2-3 автор бар. Өткөн айда Коргоо кеңеши “Кыргызпатент” ишканасы өзү автордук укукка байланыштуу көз боёмочулукка жол берген деп, ондон ашуун жемкорлук иштер аныкталганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG