Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Сойкулукка мажбурлаган ортомчулар


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте эки кызды жертөлөдө камап, сойкулук кылууга мажбурлаган факты ачыкка чыгып, кылмыш иши козголду. Адистер акыркы убактарда кыздарды сойкулукка мажбурлоо учурлары көбөйгөнүн белгилешүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, 16 жана 18 жаштагы кыздарды сойкулук кылууга мажбурлап, иштетип жүргөн 38 жаштагы аял эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев маалымдады:

- Беш жаштагы баласын карачу башка киши жоктугуна байланыштуу ал үй камагына чыкты. Эми тергөөнүн жүрүшүндө башка иштерге тиешеси болуп же болбогону аныкталат.

Арча-Бешик жаңы конушундагы үйдүн жертөлөсүнөн табылган кыздар аялдын үстүнөн арыз жазып, ал өздөрүн сойкулук кылууга мажбурлап жүргөнүн билдиришкен. Осмонбаевдин маалыматы боюнча, кыздардын тек-жайы аныкталды. Жашы жете элек кызды ата-энеси алып кетишкен.

"Мурда өзү да сойку болчу"

Кыргызстанда сойкулукка түрдүү жолдор менен кабылган кыздар бар. Алардын арасында буга балдарын багуу үчүн аргасыздыктан барган жалгыз бой келиндер, алданып калып, мажбурланып иштеген кыздар, окуусунун акысына, кийим-кечесине акчаны кенен жеткирүүнү каалаган студенттер бар.

Адистердин белгилөөсү боюнча, мындан 10-15 жыл мурун денесин сатып жүргөн аялдар жашы өткөн соң ортомчу болуп, кыздарды азгырып, бул жолго салган учурлар көбөйдү. Бейрасмий маалыматтар боюнча, борбор калаада эле денесин сатып иштеген кыздар мындан беш-он жыл мурдагыга караганда он эселеп көбөйдү. Ошондой эле Кыргызстандан тышкары чет өлкөгө кетип, ал жактарда да ушул иш менен алектенип жүргөндөрдүн саны арбыды.

Солго баскандардын “соодасы”

Солго баскандардын “соодасы”

"Ыңгайсыз суроолор" телекөрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында сойкулукту кесип кылган кыздар тууралуу сөз болду.

“Сезим” кризистик борбору акыркы бир нече жылдан бери сойкулукка мажбурланган, алданып, кулчулукка кабылган кыз-келиндер менен иштешип келүүдө. Аталган борбордун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулованын айтуусунда, кыргыз кыздарды чет өлкөдө сойкулукка мажбурлап иштеткендер кайра эле кыргыз жарандары болуп жатат:

- Алар өздөрү деле денесин сатып иштешет. Тапкан акчасы аз болуп калып, мунун жолдорун билип калышат да, бул жактан кыздарды азгыра башташат. Кээде өздөрүнүн жакындарын эле алып барып, сойкулукка мажбурлаган кыргыздар бар.

Бүбүсара Рыскулованын айтуусунда, акыркы убактарда өзгөчө чет жактарга өз каалоосу менен сойкулук кылууга кеткен кыздар көбөйүүдө:

- Бир окуяны айтып берейин. Чет өлкөдө денесин сатып иштеген кыргыз кыз кыйноого кабылып, бизден жардам алганы келген. Ал өзү бул жерде саунада сойкулук кылып иштеп жүрүп, бир жолу жакын тууганына туш келип калыптыр. Байкатпай качып чыгып, ошондон кийин “башка жакка барайын” деп, Алматы аркылуу чет өлкөгө кетиптир. Ошол жакта иштеп жүрүп, анан кордукка дуушар болуп жатпайбы...

Учурда борбор калаада 173 сутенер, сойкулук менен алектенген 3124 кыз милициянын каттоосунда турат.
Бишкек ШИИБнин маалыматы

Бишкек Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда борбор калаада 173 сутенер, сойкулук менен алектенген 3124 кыз милициянын каттоосунда турат. Алардын арасында сутенерлер, интернеттеги сайттар аркылуу иштеген сойкулар бар. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын жүрүм-турум бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери малымдады:

- Биз рейд жасаган сайын, кармалган кыздарды алып келип, аты-жөнүн телефонун, кайдан келген, кайсы жердин кызы, эмне иш кыларын тактап, бармагынын изин алып, сүрөткө тартып, өзүбүзгө каттайбыз. Кыздарды саунада иштейби, өзүнчө көчөдө турабы же мейманкана, клубда иштейби, буга жараша бөлүп каттайбыз. Алардын арасында жогорку, орто окуу жайларында окуган студенттер, ажырашып кетип балдарын жалгыз багып жаткан келиндер, үйүнөн качып кеткен кыздар бар. Кокус алар эртеңки күнү жоголуп кетсе же издөөгө түшсө деп аларды каттаганбыз. Биз бул студент, бул окубайт же цехте иштейт деп бөлбөйбүз. Бизге кандай кыз келип түшсө, алардын баарынын маалыматын алып, атайын папкабызга каттайбыз.

Пайдасын башкалар көрөт...

Милициянын маалыматы боюнча, кыздар негизинен сауна, мейманкаларда, түнкү клубдарда иштешет. "Мурункудай жол боюна турган кыздар азайды", - дейт милиция өкүлү.

Айрым маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү денесин сатып иштеген кыздардын акысы саатына 1000-1500 сомдон башталат. Ал эми бир түнгө 5-10 миңден жогору. Бирок бул акчанын көпчүлүк бөлүгү сутенерлордун, андан ары калкалап турган күчтөрдүн чөнтөгүнө кетет. Алардан тышкары кыздарды кардарларга жеткирген айдоочуларга, аларга кардар таап берген сауна-мейманканалардын ээлерине да тиешелүү үлүштөрү берилет.

Сойкулукту милиция өзү калкалайт деген дооматтар коомчулукта күч. Буга күз айларында интернетке жарыяланган тасма да далил болгон. Анда милиция кызматкери сойкуларды калкалап, кол алдындагыларды урушуп жатканы тартылган. Бул тасма тараган соң Ички иштер министрлигинде териштирүү жүрүп, ал Бишкектин Свердлов райондук милициясынын кызматкери Пардабай Намазбаев экени белгилүү болгон. РИИБнын коомдук коопсуздукту сактоо бөлүмүн жетектеп келген капитан Намазбаев кызматынан алынган.

Дүйнөлүк статистика боюнча, ВИЧ оорусу 30% сойкулар аркылуу жугат. Ал эми башка венерологиялык оорулардын көрсөткүчү мындан бир топ жогору. Кыргызстанда болсо денесин сатып иштегендердин ден соолугу текшерилбейт. Алардын арасында өз каалоосу менен медициналык кароодон өтүп тургандары сейрек кездешет.

"Азаттыктын" архиви: Саясатташкан сауналар. 24-март, 2015-жыл
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG