Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Индия сапары ишенимди актайбы?


Атамбаевди аба майданынан Индиянын бийлик өкүлдөрү тосуп алышты
Атамбаевди аба майданынан Индиянын бийлик өкүлдөрү тосуп алышты

Президент Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү мамлекеттик сапар менен Индияда жүрөт.

Соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл санап начарлап бараткан Индия менен алаканы оңдоого президенттин сапары салым кошобу? Кыргызстан менен Индиянын мамилесинин келечеги барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Кыргызстандын Индиядагы элчисинин мурдагы кеңешчиси, дипломат Сактанбек Кадыралиев, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун мурдагы директору, эксперт Талант Султанов жана Кыргызстан-Индия бизнес форумунун уюштуруучуларынын бири, Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчи орун басары Фархад Пакыров катышты.

"Азаттык": Сактанбек мырза, президент Атамбаевдин Индия сапары канчалык деңгээлде маанилүү жана кандай жыйынтыктарды күтсөк болот?

Сактанбек Кадыралиев: Менин маалыматым боюнча, биздин өлкөнүн жогорку жетекчилеринин Индияга сапары акыркы жолу 1999-жылы болгон. Мунун өзү эле эки өлкө ортосундагы алака солгундап кеткенин көрсөтөт.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн түрткү керек. Ал эми түрткү катары жогорку деңгээлдеги сапарды атасак болот. Мына ушундан соң жаңы келишимдерге кол коюлат, жаңы иштер башталат деп күтсөк болот.

“Азаттык”: Талант мырза, Индия дүйнөдө экономикалык, илимий жактан өнүгүп жаткан ири өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө менен кызматташтыкты арттыруунун мааниси канчалык?

Талант Султанов: Сиз белгилегендей, Индия дүйнөдөгү эң ири экономикалардын бирине кирет. Мисалы, чоң мамлекеттердин борбор шаарларынын ичинен Индиянын борбору Бишкекке эң жакын жайгашкан калаа экен. Ал Бээжинден да, Москвадан да жакын. Учак менен үч саат ичинде барып калса болот.

Индия дүйнөдөгү мусулмандар көп жашаган мамлекет катары саналат. Ошондуктан, биз менен алака түзүп, катташуу үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок эки өлкө ортосунда потенциал чоң болгону менен, карым-катнаштын деңгээли төмөн болуп турат.

Президенттин мамлекеттик сапарынан соң көптөгөн тармактарда кызматташууну жөнгө салса болот. Жаңы технологиялар, бизнес, соода жүгүртүү, билим берүү, медицинада Индия абдан алдыга кеткен мамлекет. Ушул жаатта көп нерсени үйрөнсөк болот.

“Азаттык”: Бирок мындай мүмкүнчүлүктөргө карабай, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү андай деле чеке жылытпайт. Болгону 38 миллион долларды түзөт экен. Бул өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүнүн жарым пайызына да жетпейт экен. Акыркы беш жыл аралыгында төмөндөө тенденциясы байкалып жатат. Буга чейин өнүктүрүүгө эмне тоскоол болуп келди?

Талант Султанов: Бул жерде бир нече факторду атасак болот. Биринчиден, географиялык фактор. Кыргызстан деңизге чыкпаганы үчүн Индия менен түз байланыша албайт. Учурда Индия Орто Азия темир жолу салууга аракет кылып жатат. Иран аркылуу Чабахар деген порт салып жатышат, мына ушул аркылуу Борбор Азияга түз байланыш түзүүнү көздөөдө.

Сактанбек Кадыралиев: Мен кошумчалай кетсем, биздин соода-экономикалык байланыш логистикалык шарттын жоктугунан жакшы өнүкпөй жатат. Экинчиден, Кытай менен соода байланышыбыз күчөп, кытайлык товарлар Индиянын продукциясын сүрүп чыгарды. Анткени, Индиядан товар алып келүү кымбат. Ошондуктан, акыркы жылдары сооданын көлөмү төмөндөп кетти.

Атамбаев Индияга барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

“Азаттык”: Фархат мырза, сиздер Индия жана кыргызстандык ишкерлердин бизнес форумун өткөрдүңүз. Анын жыйынтыгында, экономикалык жаатта кандай мүмкүнчүлүктөр бар экен деген жыйынтыкка келдиңиз?

Фархад Пакыров: Биз изилдеп, Индиянын мүмкүнчүлүктөрүн карай баштадык. Анын алкагында биз кызматташчу тармактар катары IT-технология, фармацевтика, туризм тандалып алынды.

Индиянын жарандары өз өлкөсүнүн башка аймактарына барып эс алганына караганда, Кыргызстанга келип эс алып кеткени арзан түшөрүн айтышты.

Экинчи жагынан, Индиядагы экологиялык, тазалык маселелерден улам биздин өлкөдө эс алуу ыңгайлуу болот экен. 8-декабрда өткөн форумга Индиядан ишкерлер келди. Анын жыйынтыгы менен кыргызстандык ишкерлер Индияда курулуш тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк алып, ушул жаатта иш алып барып жатабыз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG