Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Толубаев: ГЭСтеги агрегатка байланыштуу чектөө болбойт


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бул тууралуу "Электрстанциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Толубаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 15-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатынын кабелдерин оңдоо үчүн Орусиядан адистер чакырылды.

- Азыр менин орун басарларым да ошол жакта жүрүшөт. Оңдоо иштери жүрүүдө. Чоң авария болгон жок, кабелдерден улам агрегат өчүрүлдү. Электр энергиясын чектөөлөр болбойт. Энергия жетиштүү, резервдерибиз бар, ГЭСтин калган үч агрегаты жана башка станциялар толук иштеп жатат. Өлкөнү электр кубаты менен камсыздоого күчүбүз жетет.

ГЭСте кабель линиясы жарактан чыгып, 16-декабрдан тарта бир агрегат токтоп калган. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Ал кезде ушул эле кабелдин башка жери иштебей калып, агрегаттын иши үзгүлтүккө учураган.

Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана эң ири ирригациялык ишкана. Станция Кетмен-Төбө өрөөнүндө Нарын дарыясынын кууш жеринде курулган. 1975-жылдан бери иштейт. Анын төрт агрегаты бар. (NT)

XS
SM
MD
LG