Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

БУУ Акуновдун ишин кайра кароону сунуштады


Сүрөттө: солдон биринчи, баш кийимсиз турган Бектемир Акунов
Сүрөттө: солдон биринчи, баш кийимсиз турган Бектемир Акунов

БУУнун Адам укуктары комитети саясий активист Бектемир Акуновдун өзүн өзү өлтүрүүсүнө негиз жок болчу деген тыянак чыгарды. Уюм кыргыз бийликтерин адам укуктары боюнча алган милдеттерин аткарууга чакырды.

Сунуш Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комитетинин интернет баракчасына 15-декабрда жарыяланган. Кыргызстан тарап расмий билдирүү ала электигин негиздеп, БУУ комитетинин тыянагына жооп бере элек.

2007-жылкы жазгы нааразылык акцияларында ошол кездеги “Бириккен фронт үчүн” кыймылынын таламын талашып чыккан активист Бектемир Акуновдун сөөгү Нарын шаардык милициясынын имаратында табылган жана ал муунуп өлдү деген тыянак чыккан.

БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими боюнча маалыматта кыргызстандык активисттин өлүмүнө байланыштуу Кыргызстан саясий укуктар боюнча эл аралык келишимдердин бир топ жобосун бузгандыгы айтылат. Комитеттин тыянагына караганда активисттин өз өмүрүнө кол салуусуна негиз болбогондугу жана кыргыз бийликтери камактагы жаранды кыйноодон коргой албагандыгы белгиленген.

Ошол кездеги бийликке нааразылык билдирип, апрель айында мөөнөтсүз акцияларды уюштурган “Бириккен фронт үчүн” кыймылынын тарапкери Бектемир Акуновду Нарын шаардык милициясы 2007-жылы 14-апрелде кармап, эртеси таңга жуук анын абакта асынып өлгөнү кабарланган.

Бул киши милициядан качып чыгып, Нарын шаардык милициянын жанындагы кабат үйдүн подъездине качып кирип жардам сурап кыйкырган. Аны милициялар сүйрөп алып кетишкен. Соттук медициналык кароодо тизеси сыйрылганы аныкталган.
Азиза Абдирасулова

Бул ишти иликтеген коомдук комиссиянын мүчөсү Азиза Абдирасулова ал окуянын чоо-жайын минтип сүрөттөдү:

- Биздин иликтөөнүн жыйынтыгында анын кармалганынын өзү мыйзамсыз болгону аныкталган. Ал ошол жерде мэрияга кирем деп аракет кылып жаткан учурда эч кандай себепсиз эле кармалган. Экинчиден, ал кармалып келген учурда ага чейин ошол жерде отурган кишилерди түн ичинде кое берип, Акуновду таң аткыча кармап калышкан. Административдик кармоо үч эле саатка созулушу керек эле. Үчүнчү жагдай - бул киши милициядан качып чыгып, Нарын шаардык милициянын жанындагы кабат үйдүн подъездине качып кирип жардам сурап кыйкырган. Аны милициялар сүйрөп алып кетишкен. Соттук медициналык кароодо тизеси сыйрылганы аныкталган.

Абдирасулованын айтымында, факт боюнча кылмыш ишин териштирүүдө милициянын шалаакылыгы негизги себеп катары каралып, кыйноо же өлтүрүү беренелери көмүскөдө калган. Жогорку Соттун “Акунов өзүн өзү өлтүргөн” деген акыркы тыянагына макул болбогон туугандары БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылган. Бул тууралуу маркумдун уулу Урмат Акунов мындай деди:

Урмат Акунов
Урмат Акунов

- Бакиевдик бийлик атабызды кармап, ур-токмокко алгандан кийин ишти 316-берене - милиция кызматкеринин шалаакылыгы боюнча карашкан. Биздин жактоочубуз кайра-кайра жаңыртылган жагдайларды киргизсе да алар каралган эмес. Нарын шаардык соту, облустук сот, Жогорку Сот ишти ушул берене боюнча эле жыйынтыктап койгон. Бул жактан акыйкат чечим болбогондуктан биз БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылууга аргасыз болгонбуз. Алардын процедуралары өтө татаал экен. Башында биздин арызыбыз кезекке коюлуп, 27-октябрда каралып, ошол боюнча билдирүү таратылды.

Бектемир Акуновго байланыштуу БУУнун Адам укуктары комитетинин ноябрда чыгып, эми жарыяланып жаткан бүтүмү жана сунуштарына кыргыз бийлиги кандай жооп берери белгисиз. Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура азыр расмий сунуш келе электигин билдирип жатышат.

Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров болсо Акуновдун иши бул сунуштун негизинде кайра каралышы керек деген ойдо:

- Адам укугун коргоо боюнча комитет эч бир мамлекетке милдеттүү түрдө эч кандай көрсөтмө бере албайт. Алар сунуш гана берет . БУУдан сунуштама буга чейин Феликс Куловдун, Топчубек Тургуналиевдин иштери жана Аксы окуясы боюнча келген. Мен баш прокурор болуп турган учурда ал иштерди кайра кароого жибергем. Мына Азимжан Аскаров боюнча да ошондой сунуштама келип анын негизинде кайра соттук териштирүү жүрдү. Эми Бектемир Акунов боюнча келиптир. Мен мамлекет жабык эшик артында табышмактуу өлүмгө туш болгон Акуновдун иши кайрадан каралышы керек деп ойлойм.

Укук коргоочу Нурбек Токтокуновдун айтымында, Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети берген сунуш кыйынчылык менен ишке ашат:

- Мурда БУУнун сунушун аткарган мыйзамыбыз жок болчу. Аны ишке ашыруу үчүн адистерибиз да болгон эмес. Мен мындай иштерге 2003-жылдан бери катышып жүрөм. Биз акырындап мыйзамдык механизмдерибизди ырастап келатабыз. Кылмыш-жаза кодексине, дагы башка мыйзамдарыбызга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Акырындап чечимдер ишке ашкан мезгилдер да болду. Ушундай иштерден тажрыйба топтогон жактоочулар пайда болду дегендей. Мурдагы эски мыйзам менен Жогорку Соттун чечимдери кайра каралбайт эле да. Биз бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Айтор, акырындап баары өз нугуна түшө баштаганда Атамбаевдин айрым аракеттери менен анын баары бузулуп жатат.

Укук коргоочулар Кыргызстандын азыркы бийлигин соңку жылдары адамдын фундаменталдык укуктарына байланышкан эл аралык келишимдерди аткаруудан кетенчиктеп, аны ички мыйзамдар аркылуу бышыктап жатат деп сындап жүрүшөт. Мындай сын Азимжан Аскаровдун маселеси менен байланыштырылып, Конституциядагы адам укуктары жаатындагы беренелердин өзгөртүлүшү далил келтирилүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG