Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Намаз маалында бейтапты карабаган дарыгердин иши териштирилүүдө


Намаз.
Намаз.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев намаз убактысына шылтап, бейтапты кабыл албай койгон дарыгердин ишин көзөмөлгө алды. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Елена Баялинова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, окуя 8-январда Кара-Суу райондук ооруканасынын балдар бөлүмүндө болгон:

- Наристе талма менен реанимацияга түшкөн. Ал жердегилер невропатологдун кеңеши керек дешип, баланын жакындары аны дарыгерге алып барганда, кезметтеги доктур "намаз убактысы" деп бейтапты көрүүдөн баш тарткан. Эшикти жаап алган. Баланын туугандары менен дарыгердин ортосунда пикир келишпестик чыккан.

Баялинова кошумчалагандай, азыр бул окуя боюнча жеринде териштирүү жүрүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG